Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. "КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзам долбоору 2020-жылдын 3-февралынан тартып коомдук талкууга чыгарылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында айтылат.
Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова.
Маалымкат-негиздемеге ылайык, ИИМдин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 8 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында болгон 6100 кылмыштуу жорук катталган. Алардын ичинде, 75-берене боюнча (үй-бүлөдөгү зомбулук) - 4265, 76-берене боюнча (убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандык) – 17, 65-берене боюнча (уруп-сабоо) – 381, 66-берене боюнча (ден соолукка жеңил зыян келтирүү) – 273, 67-берене боюнча (абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) – 94, 119-берене боюнча (майда бейбаштык) – 733 кылмыштуу жорук бар.
Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестриндеги маалыматтар боюнча, Жазык кодексине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун 584 учуру катталган. Алардын ичинде: 130-берене боюнча (киши өлтүрүү) – 2, 138-берене боюнча (ден соолукка оор зыян келтирүү) – 15, 139-берене боюнча (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) – 50, 141-берене боюнча (аффект абалда ден соолукка оор зыян келтирүү) – 2, 142-берене боюнча (ден соолукка этиятсыздыктан оор зыян келтирүү) – 275, 144-берене боюнча (уруп-согуп кыйноо) – 40, 145-берене боюнча (өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) – 16, 161-берене боюнча (зордуктоо) – 5, 162-берене боюнча (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) – 1 кылмыш бар.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерин сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, жаӊы кодекстер күчүнө киргенден кийин, ИИБ кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулукка чара көрүү айрыкча кармоону колдонуу тартибинин татаалдыгына байланыштуу алда канча татаал болуп калды. Алсак, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга карата кармоону ишке ашырууга мыйзам өзгөчө учурларда гана мүмкүндүк берет. Ошентсе да, ченемдик укуктук актыларда, нускамаларда, Жогорку соттун пленумдарынын токтомдорунда "өзгөчө учурлар" деп кайсы учурларды эсептесе боло тургандыгы боюнча эч кандай түшүндүрмө жок. Бул факт үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөргө кармоо жүргүзүү тууралуу чечим чыгарууга өтө олуттуу таасир этет. Мониторинг аныктагандай, 16% учурда коргоо ордери берилгенден кийин зомбулук көрсөткөндөр зомбулугун уланта беришкен, ал тургай, жабыр тарткандар милиция келгенге чейинкиден да олуттуу жаракат алышкан учурлар кездешет.
Калыптанган укук колдонуу тажрыйбасына байланыштуу, Жазык-процесстик кодекске үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам 48 саатка кармалышы мүмкүн болгон учурларды ачык-так регламенттештирүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, сунушталган мыйзам долбоору менен Жазык-процесстик кодексинин 504-беренесине өзгөртүү киргизүү жана аны 3-1-беренеси менен толуктоо сунушталат.
504-берене:
3-1. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы боюнча шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:
1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теӊдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан реалдуу коркунуч бар болсо;
2) эгерде шектүү алкоголго жана анын башка түрүнө мас абалында болсо жана ал жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теӊдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирип жатса;
3) эгерде шектүү жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теӊдештирилген адамдарды кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.
Пикир
Оставить комментарий