• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Зулушев Санкт-Петербургда өткөн прокуратура органдарынын башчыларынын конференциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилигиндеги Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Европа мамлекеттеринин прокуратура органдарынын башчыларынын эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн көзөмөл органдарынын жетекчилери жана Европа кеңешине мүчө мамлекеттердин Башкы прокуратурасынын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Күн тартибине ылайык, конференцияда прокурордун кылмыш, жарандык жана административдик процесстердеги ролу, ошондой эле киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга жана экологиялык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Ошондой эле Россия Башкы прокуратурасынын демилгеси менен 2021-жылдын 8-июлунда КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешмесинин кезексиз жыйыны болуп, анда Координациялык кеңешменин катчылыгына жаңы талапкер бекитилди.

Иш сапардын жүрүшүндө Зулушев Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын башкы прокурорлору менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда тараптар өз ара укуктук жардам көрсөтүү, адамдарды өткөрүп берүү, тажрыйба алмашууну улантуу жана прокурордук иштин ар кандай багыттарында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти жандандыруу жаатында эл аралык кызматташуунун жаңы баскычтарга жогорулашына көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий