• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте электр кубаттоо инфратүзүмүн өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бишкекте электр кубаттоо инфратүзүмүн өнүктүрүү талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде Бишкек шаарынын аймагында электр кубаттоо инфратүзүмүн өнүктүрүү менен электромобилдик таксилерди киргизүүгө багытталган «EVION» ЖЧКсы менен жол картасы тиркелген өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Долбоордун негизги максаты электр кубаттоо инфратүзүмүн өнүктүрүү жана калк арасында электромобилдерди колдонууну жайылтуу болуп саналат, ал зыяндуу чыгындыларды азайтууга жана экологиялык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Бул иш-чара электр кыймылдаткычтары менен жабдылган автомобилдер менен жүргүнчүлөрдү ташуу тутумун киргизүү жана экологиялык коопсуздуктун заманбап деңгээлин камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий