• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 09.01.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана 2023-жылы туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

  1. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
  2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аталган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн.

Уюштуруу комитетинин курамы:

Акылбек Жапаров - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы ‒ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Эдиль Байсалов - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Исхак Масалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Айбек Джунушалиев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Алтынбек Максутов - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Уланбек Мамбетакунов - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Абдикарим Алимбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абсаттар Сыргабаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Илияз Иманбетов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алтынбек Эргешов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Зиядин Жамалдинов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бакытбек Нарбеков - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нурил Алымбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Бакытбек Джетигенов - Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Каныбек Туманбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

Канатбек Абдрахматов - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Кайрат Иманалиев - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Эрлан Догдурбеков - Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.

Пикир

Оставить комментарий