• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Абылгазиев: Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди

Өкмөт 0


Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасирине ылайык иштелип чыккан бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосу абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгиледи.

2020-жылдын 11-майынан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

- микрофинансылык уюмдар;

- камсыздандыруу компаниялары;

- ломбард;

- акча алмаштыруу пункттары;

- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

- туристтик агенттиктер;

- адвокаттык кызматтар;

- басма кызматтары.

2. Калкты тейлөө кызматтарынан:

- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;

- химтазалоо.

3. Соода чөйрөсүнөн:

- курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

- автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

- тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

- автосалондор – авторыноктордон сырткары.

4. Массалык маалымат каражаттары.

«Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат. Ушул этапка чейинки өзгөчө тартип жана кыймыл-аракеттер текке кетпеши керек. Ошондуктан ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине кайрыларым: чоң жоопкерчилик Сиздерге жүктөлөт. Иш орундарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактаңыздар. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери айтылган талаптарды аткарууга катуу көзөмөл жүргүзүүгө тийиш», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө карата белгиленгендей, эпидемиологиялык кырдаалга жараша ишке чектелген сандагы кызматкерлер тартылат.

Пикир

Оставить комментарий