• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Үрөй учурган окуя. Бишкекте аялды уулу жана кызы менен кошо өлтүрүп кетишкен, шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарында 3 адамды өлтүрүү фактысы катталып, оор кылмыш жасаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарынын 5-кичи районунда болгон. Жерине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Октябрь райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүп, энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген сөөктөрү табышкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына катталды.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий