• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана милиция кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.12.22. /Кабар/. Каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана кылмышты жашырган Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 26-декабрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусундагы Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кол алдындагы кызматкер кармалды.

2022-жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен «Д.А.» аттуу жаран жабыркап, бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

"Бирок, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыгы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Ошондой эле, аталган РИИБ кызматкерлери кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан. Кызматкерлер алардын айрымдарын кармашып, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө өткөрүп беришкен. Бул тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган", - деп айтылат маалыматта.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 9-декабрында каракчылык фактысын жасаган бул топтун 5 мүчөсү кармалды.

Учурда бул кылмыштуу топтун жүргөн жерин аныктоо жана башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу келип түшкөн сигналдар боюнча жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын аракетсиздиги жана жарандардын кайрылууларына көңүл бурбоо мындан ары кылмышкерлерге жардам берүү катары бааланып, андан ар кандай кесепеттерге алып келерин эске салат.

Пикир

Оставить комментарий