• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мектеп окуучулары мушташып, бир бала каза болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Бишкекте мектеп окуучулары мушташып, бир бала ооруканадан каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктан билдиришкендей, 28-майда болжол менен саат 00:20да "102" кызматына жаракат алган өспүрүм бала 3-балдар ооруканасына түшкөнү тууралуу кабарланган.

Ал жакка Биринчи май районунун кызматкерлери барышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кабар түшкөндөн бир күн мурун кечке маал шаардагы мектептердин биринин жанында өспүрүм балдардын арасында мушташ болгон. Жыйынтыгында, 16 жаштагы Н. С., аттуу бала оор жаракат алган. Аны тез жардам кызматы 3-балдар ооруканасына алып келип, дарыгерлер болгон аракетин жумшаганы менен ал эсине келбей каза болгон.

Учурда бул окуя Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий