• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө мыйзамсыз ок атуучу курал-жарак сактаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Ысык-Көл районунда мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл райондук милициясынын кызматкерлерине райондун тургуну өзүнүн кашарында мыйзамсыз ок атуучу курал-жаркатарды сактап жүргөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан Сары-Камыш айылынын 1983-жылы туулган А.А. аттуу тургунуна тиешелүү кашарга тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз 1 даана сайлуу ок атуучу курал, 2 даана кош оозду ок атуучу курал, 16 даана 7, 62 калибрлүү ок даары, 3 даана 5,45 калибрлүү ок-даары, 1 даана 9 мм ок-даарысы жана 1 даана жардыруучу затына окшош зат, ошондой эле ар кандай жабдыктар (порох, бытыра, капсюль-воспламенитель) табылган.

Учурда шектүү Ысык-Көл РИИБнин тергөө кызматына өткөрүп берилип, анын кашарынан алынган заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий