• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы төрт колледждин окуу-өндүрүштүк комплекси ачылды

Билим 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен төрт окуу-өндүрүштүк комплексин ачты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

Окуу-өндүрүштүк комплексинин негизги максаты – бул студенттерди жумуш ордунда окутуу үчүн шарттарды түзүү. Мындан улам колледж бүтүрүүчүлөрүнө практикалык көндүмдөргө ээ болуп, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзүлөт.

Окуу-өндүрүштүк комплексинде, мисалы,

- ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде студенттер унаа оңдоочу жайда иштеп, ветеринария боюнча көндүмдөрдүн өздөштүрө алышат,

- Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү буюмдарын моделдөө жана даярдоо боюнча иш алып барышат,

- Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык техникумунда - мейманкана жана туристтик комплексте иш ыкмаларын практика жүзүндө үйрөнүп,

- ОшМУнун Индустриалдык педагогикалык колледжине - тигип жана тигүү буюмдарынын моделдерин даярдай алышат.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөн жана алар окуу-өндүрүштүк комплекстер үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген типтүү жобонун жана уставдын негизинде иштешет.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер толук түрдө өзүн-өзү камсыздап, киреше алып келүүчү ишмердүүлүк жүргүзүшөт.

Бул окуу-өндүрүштүк комплексти камсыздоо жана иштетүү учурундагы чыгымдарды каржылап, колледждин билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет.

Жакынкы арада дагы 4 колледжде окуу-өндүрүштүк комплекс ачылат:

- Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде,

- С. Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжинде,

- К. Скрябин атындагы КУАУнун Токмок колледжинде,

- Бишкек архитектура жана курулуштагы башкаруу колледжинде.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында ачылып жатат.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Программа кесиптик билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуу жана тарбиялоонун шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн компоненттерин камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий