• 87.86
  • 93.94
  • 1

Садыр Жапаров: Кыргызстанда ишканалар апта сайын ачыла баштайт

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата 100 жаңы ишканалар, өнөр жай объектилери ачылат. Буга жаңы аэропорттун, “Бала-Саруу” ГЭСинин ачылышы мисал. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, белгиледи.

“Жылдын экинчи жарымында мындай ишканалардын бир нечесин апта сайын ача баштайбыз. Быйыл өкмөт менен жергиликтүү бийликтин алдына жумуш орундарын түзүүнү негизги тапшырма катары коюп келатам. Жергиликтүү бийлик, республикалык органдар кичинекей цех болобу, жер жемишти кайра иштетеби, туристтерди кабыл алган эс алуу жай, кафе же соода түйүндөрүн ачабы, айтор, ар бир чакан жана ири ишкерге колдоо көрсөтүшүңөр керек”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы 2005-жылы депутат болуп шайланып, саясатка келгенге чейин ишкерлик менен алектенгенин, ишкерлик кылуу канчалык кыйын экенин жакшы билерин эске салды.

“Жеке бизнестин түйшүгүн жакындан түшүнгөнүм үчүн үстүбүздөгү жылдын март айында дээрлик көпчүлүк чакан жана орто ишканалар үчүн социалдык төлөмдөрдүн пайызын 27 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча атайын Жарлыкка кол койдум. Бул – чакан жана орто бизнестин жүгү жеңилдесе деген тилегим эле.

Мындан сырткары, көптөгөн мамлекеттик текшерүүчү органдар ишкерлерге кандайча тоскоолдук кылып келатканы да мага жакшы маалым. Буга чейин эле ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланган. Ошентсе да ишкерлерге дагы көмөк болсун деп, жыл башында текшерүүлөргө дагы бир катуу мораторий киргиздим. Жооптуу жетекчилерге: “Ишкерлерибиз тез арада ирденип алышсын, текшерүүнү шылтоолоп эле тийише бербегиле, жүдөтпөгүлө!””- деп дайыма эскертип келем”, - деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий