Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 1-июлда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий