• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

10-11-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-11-декабрга карата аба ырайы боюнча билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүн биринчи жарымында Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Айрым аймактарда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…- 9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз - 6…-11°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° суук, күндүз - 13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн - 30…-35°, күндүз -14…-19° суукка чейин төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий