• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. 10 шайлоо тилкесинде аралыктан добуш берилүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү өтүп жатат. Бул үчүн өлкө аймагы боюнча 10 шайлоо тилкеси иштеп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, аралыктан добуш берүү туруктуу катталган жери боюнча шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочулар үчүн уюштурулган.

Шайлоо жөнүндө мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, ушундай шайлоочулар иштеген жерлеринен жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участкасы уюштурулган.

БШК аралыктан добуш берүүгө арыз бергендердин бардыгы төмөнкү даректер боюнча шайлоо участкаларында келиши керектигин белгилейт:

- Бишкек ш., Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу ( М.Фрунзе, көчөсү 547);
- Бишкек ш., Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
- Бишкек ш., библиотека для детей и юношества им. К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242);
- Бишкек ш., А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры ( Ю.Абдрахманов көчөсү, 167);
- Ош ш., А.Навои атындагы орто мектеп (А.Масалиев көчөсү, 37);
- Жалал-Абад ш., Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көчөсү, 25);
- Каракол ш., К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университет (К.Тыныстанов көчөсү, 26);
- Нарын ш., Ленин көчөсү № 76, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты;
- Баткен ш., Ж.Боконбаев атындагы орто мектеп ( Ж.Момунов көчөсү, 16);
- Талас ш., областная библиотека им. А.Токтогулов атындагы областтык китепкана (Ч.Айтматов көчөсү, 353).
Республика боюнча өзүлөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген 9 миңден ашык шайлоочу катталган. Көбүнчө мындай мындай шайлоочулар Бишкекте - 4879 адам. Арыз бергендердин ичинде – мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматчылары, жашаган жеринен алыста вахталык режимде иштеген адамдар. Арыздардын 70% ашыгы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келип түшкөн.
Бардык суроолор боюнча 1255 жана 119 кыска номерлерине чалууга болот. Чалуулар акысыз.

Пикир

Оставить комментарий