Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылынын Кулбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Кырсык болгон жерден 11 адам эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт көп кабатуу №32 үйдүн батиринен өрт чыгып, тиричилик буюмдары күйгөн.
Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. ӨКМ кызматынан өрттүн себеби такталып жаткандыгы кошумчалашты.
Пикир
Оставить комментарий