• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

16-августка чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-августтан 16-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-августта Чүй облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

14-15-августтарда Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-14-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

12-августта жана 13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

14-16-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-августта Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

14-августта Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жана Жалал-Абад, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-14-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-августта жана 13-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-августта күндүз жана 14-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

14-августта күндүз жана 15-16-августтарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

12-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

12-августта күндүз жана 13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-августта күндүз жана 14-августта түнкүсүн жаан жаап, күн куркүрөшү күтүлөт.

14-августта күндүз жана 15-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-августта күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

16-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-15-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

14-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

15-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий