200гө жакын казакстандык Кыргызстандагы ДКОго катышат

ДКО 2018 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда өтө турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн спортчулар билдирүү жөнөтүшкөн. Алардын арасында Казакстанда да бар, жалпысынан 195 спортчу катышат, - деп маалымдайт “Казинформ” агенттиги.

ДКО катчылыгынан кабарлашкандай, алдыда күтүлүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн 1 миң 946 спортчу катыша тургандыгы күтүлүүдө. Спортчулардан катышуу үчүн билдирүү электрондук вариант аркылуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дарегине келип түшкөн. Спорт делегаттарын аккредитациядан өткөрүү 2018-жылдын 15-августунда аяктады.

Пикир

Оставить комментарий