• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бала эне тилин, мамлекеттик жана бир чет тилди билиши керек - Кудайбердиева

Коом 0

Бишкек, 17.08.18 / Кабар/. Жаңы жылдан баштап окуучулар дагы көбүрөөк чет тилдерди үйрөнүшөт. Бул тууралуу педагогдордун Август конференциясынын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

“Негизги өзгөрүүлөр билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизген багыттарга байланыштуу. Негизги факторлор – окутуу шарттары, мектептерди куруу, акыркы жылдары бул өкмөттүн талабы болуп жатат. Ошондой эле биз коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүнү унуткан жокпуз. Билим берүүнүн курамы – бул өтө олуттуу жана чоң жумуш. Өткөн жылдан бери биз тилдерди үйрөтүүгө басым жасап жатабыз. 5-класстан баштап англис тили боюнча сабактардын саны эки эседен көп көбөйөт. Жалпысынан биз ар бир бала эне тилин, мамлекеттик жана дагы бир чет тилди билүүсүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле ушул жылдан тарта информатика сабагы 5-класстан баштап окутула баштайт. Буга чейин 7-класстан башталчу. Жаңы окуу комплекси иштелип чыкты. Андан сырткары табигый-илимий циклдеги предметтер күчөтүлдү. Ушул тармакта олуттуу маселелер көп болчу”, - деди Кудайбердиева.

Министр 5-6-класстарда окугандар 1-сентябрдан баштап жаңы билим берүү стандарттары боюнча окутула баштай турганын айтты. Бардык окуучулар жаңы муундагы китептерди алышат.

Белгилей кетсек, бүгүн, мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында педагогдордун Август конференциясы өтүүдө.

Мугалимдер үчүн бул окуу жылынын башталышы алдындагы негизги окуя. Иш-чарага педагогдор, ректорлор жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий