Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. «2018-жылдын соңуна дейре ИДП көлөмү 2,8%дык деңгээлде болжолдонууда», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө. Аталган жалпы жыйында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.
Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылдын сентябрь айынан тарта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң натыйжаларга чыга баштады. Экономиканын дээрлик бардык реалдуу секторлорунда өсүш камсыз болуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде, Кумтөрдү кошпогондо, ИДП 2%га өстү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр билдиргендей, республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көп болуп саналат.
«Бюджетти баланстоо максатында мамлекеттик органдардын чыгашалары: алсак, товарларды сатып алуу, күнүмдүк чыгымдар 4 млрд сомго оптималдаштырылды. Бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,7%га азайтылды. Акчалай чегерилишинде алсак: дефицит 20,3 млрд сомдон 15,2 млрд сомго чейин азайтылган», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Пикир
Оставить комментарий