• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

2021-жылы жолдорду оңдоп-түзөөгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн — Транспорт министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 28.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жолдорду оңдоп-түзөөгө жана тейлөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд 235 млн 459,8 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 1 млрд 530 млн 206,3 миң сомду түздү.

Анын ичинен:

- күнүмдүк бюджет боюнча – 601 млн 334,8 миң сом (70,2%);

- капиталдык салымдар беренеси боюнча– 928 млн 871,5 миң сом (67,3%).

“2021-жылдын август айына жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоп-түзөө жана тейлөөнүн титулдук барагы 492 млн 295,5 миң сомго бекитилген”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий