• 87
  • 90.41
  • 0.84

2022-жылы Бишкекте 15 мектеп курулган

Коом 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Бишкек шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында муниципалитеттин жыйынтыктоочу коллегиясы өтүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, коллегияда маалымдалгандай, 2022-жылы капиталдык курулуш чөйрөсүндө республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 6 миң 445 орунга ылайыкталган 15 мектеп жана 140 орундуу 1 бала бакча курулган.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кара-Жыгач конушундагы бала бакчанын жана №72 орто мектебинин галереясынын курулушу аяктаган. Ошондой эле №8 бала бакчанын капиталдык ремонту аяктады.

Пикир

Оставить комментарий