Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Pantone Color Institute институтунун сайтындагы билдирүүгө ылайык, жумшак күрөң Mocha Mousse түсү келе жаткан 2025-жылдын негизги түсү деп жарыяланды.
"2025-жылга Pantone Түс институту Pantone 17-1230 Mocha Mousse, байлыкка толтурулган жылуу күрөң түсүн тандайт. Ал бизди шоколад менен кофенин даамдуу сапаттары менен азыктандырат", - деп айтылат билдирүүдө.
Тайм журналы Pantone компаниясынын аткаруучу директору Леатрис Эйсмандын сөздөрүнө шилтеме жасап, түстү тандоодо эл аралык кырдаалдын ролун эсепке алынгандыгы, тактап айтканда дүйнө жүзү боюнча олуттуу саясий толкундоолор болгонун, анын фонунда ынтымакка муктаждык күчөгөнүн жазат.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын түсү шабдаалы түстүү Pantone 13-1023 Peach Fuzz болду.
Пикир
Оставить комментарий