• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

22-мартта Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "ХБО" суу алгычында жана шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 22-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин шаардын 7-Апрель, Анкара, Октябрь, Менделеев көчөлөрү менен чектелген аймактарында жана темир жол линиясында суу өчүрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий