• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

23-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 23-ноябрда республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл облусунда +4…+9, Нарын аймагында +3…+8 градус болушу күтүлөт.

Ал эми абанын температурасы Бишкек шаарында +5…+7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий