• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Акыркы коңгуроо күнү тартипти 4 миңден ашык милиционер камсыздайт – КР ИИМ

Коом 0

Бишкек, 23-май /Меахриниса Сулайманова – Кабар/. 25-май акыркы коңгуроо күнү Кыргызстан боюнча коомдук тартипти 4 миңден ашык адам камсыздайт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында КР ИИМдин жашы жете электер иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жалпысынан 9-классты – 92 миң жана 11-классты - 62 миң бүтүрүүчү аяктап жатат.

“Эртең мененки саат 8:00де бардык мектептерге сумкаларда террордук кооптуу заттардын, башкача айтканда жардыргычтардын болушун текшерген милиция кызматкерлери келишет. Ошондой эле, ар бир мектепке 3-4 милиция бекитилет. Анын ичине ПМБ инспектору жана жашы жете электердин иштери боюнча инспектор кирет. Окуу жайларда алар 11ге чейин болушуп, андан соң бардык күч парктарга жана бактарга багытталат”, - деди ал.

Мындан тышкары А.Абдрахманов республика боюнча бардык ички иштер органында массалык иш чараларга мониторинг, байкоо жана координация жүргүзүүчү штабдары түзүлөрүн билдирди.

“Бардык эс алуу аймактарына, парктарга жана бүтүрүүчүлөр көп жыйналган жерлерге милиция кызматкерлери бекитилет. Бардык жерде мобилдик патрулдар иштейт. Мындан тышкары аймактар боюнча жооптуулар дайындалат. Ата-энелерге кайрылып кетсем, балдарыңарды түнкүсүн көзөмөлсүз калтырбагыла, убагында кайткандарын талап кылгыла”, - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий