• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. 2017-жылдын 20-майында Ысык-Көл областынын Түп районунун Түп айылында Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Оморов Алмаз Усупбековичтин жаркын элесине арналган жана мамлекетибизде “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялангандыгынын алкагында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бул мелдештин уюштуруучусу Түп райондук соту. Спорттук иш чара жылына бир жолу жергиликтүү соттордун командаларынын арасында өткөрүлөт.

Жалпысынан мелдеште облустук соттун, райондук жана шаардык соттордун, Ысык-Көл облустук Сот департаментинин башкармалыгынын жана Ысык-Көл облусунун адвокаттар коллегиясынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.

Бул иш чаранын башкы максаты болуп сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоого үндөө, достук жана спорттук алаканы бекемдөө жана мыкты кичи-футбол командасын аныктоо саналат.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Жети-Өгүз райондук сотунунун командасы багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга Ысык-Көл облустук Сот департаментинин башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунга Ысык-Көл облустук сотунун командасы ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий