Бишкек, 24-июль /Кабар/. Ысык-Көл, Нарын облустарынынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий