• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзбекстан аткаминерлер арасындагы тууганчылык- жердешчиликке каршы күрөшөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23-июль /Кабар/. Ташкентте “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” жаңы мыйзамдын концепциясы тааныштырылды.

Podrobno.uz интернет-басылмасы кабарлагандай, документ мамлекеттик органдардын кадрдык курамын түзүү принциптерин аныктоого, таза кызмат өтөгөндөргө материалдык жана моралдык дем берүү механизмдери менен кызматтык этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерин жөнгө салууга багыталган.

Өзбек бийлиги мыйзам долбоору эл аралык тажырыйбаны эске алуу менен иштелип чыкканын билдирүүдө. Мыйзамга меритократия түшүнүгү киргизилүүдө. Ага ылайык, жетекчилик кызматтарды тек-жайы жана каржылык абалынан көз карандысыз жөндөмдүү адамдар ээлеши керек.

Эксперттер мыйзам долбооруна мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө баа берүүчү критерийлерди киргизүү зарылдыгын белгилешти.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий