• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

24-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 2…7, Таласта 1…6, Ысык-Көл облусунда 1…6, Нарында 0…5 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 5…7 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий