• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Садыр Жапаров: Өз күчүбүз менен Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече жолун кура баштадык

Президент 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Өз күчүбүз менен Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече жолун кура баштадык. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Президенттин айтымында, келечекте түндүк-түштүк темир жолу курулат.

"Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз", - деп билдирүү калтырган Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий