• 87
  • 90.41
  • 0.84

25-26-апрелге карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Өлкө аймагында 25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалымдалгандай, 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-апрелде күндүз жаан-чачын жаашы тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоо этектеринде 8…13° жылуу, 26-апрелде Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 25-26-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы дарыяларында суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий