• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри аппараттык кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен алгачкы аппараттык кеңешмесин өткөрдү.Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде негизинен кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды тез арада коопсуз жайларга көчүрүү, сел, суу ташкындары жана жер көчкүлөрү болуп кетүүчү участкаларда алдын алуу жумуштарын жүргүзүү маселелери каралды. Тиешелүү жетекчилер аткарылып жаткан жумуштар боюнча кеңири маалыматтарды беришти.

Министр Нурболот Мирзахмедов министрликтин облустук башкармалыктарынын жетекчилери жергиликтүү бийлик башчылары менен биргеликте кооптуу аймкактарда жашап жаткан жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү иштерин ыкчам жүргүзүү зарыл экендигине токтолду.

“Акимдер менен айыл аймактардын башчыларынын жарандарды көчүрүү боюнча берген маалыматтарын жеринен текшерип, тактоо зарыл. Мен өзүм айрым айылдарга телефон аркылуу байланышып, силердеги маалыматтарды тактаганга аракет жасадым. Сузак районунда коопсуз жайга тигилген чатырларда эч ким жашабай жатыптыр. Демек, силердеги маалыматтардын чындыгына күмөн жаралууда. Ошондой эле берилип жаткан шашылыш билдирүүлөр боюнча да ыкчам аракеттерди көрүп, кооптуулук жаратып жаткан дарыялардын жээктерин тез арада бекемдөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүсү зарыл. Эл кайсы мамлекеттин милдетине кайсы жумуш кирээрин билбейт, ага кызыкпайт дагы, кырсык болуп кетсе, МЧС кайда карап жүрөт деп айтып чыгат. Ошондуктан бардык көзөмөлдү жана ишти колго алуубуз керек. Буга чейин аткарып келген ишиңиздерди жакшы билемин, эң жакшы министрлик катары эл оозунда айтылып жүрөт. Мындан ары да жумушту учурдун талабына ылайык ыкчам жана сапаттуу улантышыбыз керек. Бүгүн Сиздердин жөн гана маалыматтарыңыздарды угуп, тапшырма бердим, эми иштин сапаты сурала баштайт”-деди министр Н. Мирзахмедов.

Ошондой эле, аппараттык кеңешмеде айрым жаңы дайындалган жетекчилердин буйруктары окулуп, коллективге тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий