Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 26-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +20...+25, Талас облусунда +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл, Нарын облустарында +15...+20 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +23...+25 градус болушу күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий