• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

3-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Эртең, 3-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8, Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2…+3 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус, ал эми Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жала-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градуска жетет.

Эртең, 3-декабрда борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 күндүз 6…8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий