3-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-январдан 3-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

30-31-январларда жана 1-3-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 30-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз жана 2-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

2-февралда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жана 1-3-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз бир аз жаан жаашы, 2-февралда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн. 2-февралда күндүз жана 3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жана 1-3-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөнаба ырайы

30-январда жана 31-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-январда күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 30-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

1-февралда күндүз, 2-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жана 1-3-февралда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-31-январларда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жана 1-3-февралда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

30-31-январларда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн.

2-февралда кар жаашы күтүлөт.

3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

30-31-январларда жана 1-3-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-31-январларда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. 30-январда кээ бир райондордо 5-10 метрден,15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-февралда күндүз жана 2-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда күндүз жана 3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий