• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Саясий илимдердин доктору Садыр Жапаров берген убадаларын четинен аткара баштагандыгын айтат

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Бишкекте күн мурун, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи өттү. Мындан улам калк жана эксперттер арасында өлкө кандай багытта өнүгөт, тышкы саясат кандай болору тууралуу көптөгөн суроолор жаралды. Бул сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн "Пикир" аймактык эксперттер клубу тарабынан "Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин: саясий консенсуска келеби жана тышкы саясий артыкчылыктар кандай?" деген теманын алкагында конференция өткөрүлгөн.

Кыргызстан кандай өңүттө өнүгөрү тууралуу өзүнүн ою менен саясий илимдердин доктору Азамат Темиркулов бөлүштү.

"Көптөгөн убадалар берилген. Убадалар шайлоо өнөктүгү учурунда айтылганы маалым, бирок аларды аткаруу керек. Алардын бири – Конституциялык реформа. Өлкөдө саясий партиялар өздөрүн терс жагынан көрсөтүштү жана бул системаны өзгөртүш керек эле. Референдум буга күбө", - дейт ал.

Темиркулов белгилегендей, Жапаров өзүнүн экинчи убадасын аткарууда – мамлекеттен урдалгандарды кайтаруу.

"Садыр Жапаров элдин мүдөөсүн аткарууда. Өткөн жылдын акырында массалык түрдө аткаминерлер камалып, мамлекетке акча каражаттарды жана мүлктөрдү кайтарып жатканын көрүүдөбүз. Жапаров мындан ары да берген убадаларын аткарууга тийиш жана коомду реформалоо менен алектениши керек", - дейт эксперт.

Пикир

Оставить комментарий