• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

3 жылдан бери дайынсыз жоголгон Бактыбек Өмүралиев изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында дайынсыз жоголгон 31 жаштагы Бактыбек Өмүралиев изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2015-жылы үйүнөн чыгып кетип, кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арыкчырай, кой көздүү, бети тоголок. Талма оорусунан, эс-тутумун жоготуп коюудан жабыркайт. Көк шым, ак көйнөк кийип жүргөн.

Эгер кимдир-бирөө Бактыбек Өмүралиев тууралуу маалыматы бар болсо, (0553)102-566, (0772) 05-20-00, (0566) 85-58-12 номерлери аркылуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий