30-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-сентябрдан 30-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-сентябрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-27-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн.

29-сентябрда мезгил-мезгили жаан жаашы күтүлөт.

30-сентябрда бир аз жаан жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

29-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда түнкүсүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз жана 27-28-сентябрларда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-30-сентябрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-30-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы күтүлөт.

29-30-сентябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-30-сентябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-30-сентябрларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-30-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий