• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган жактарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызмаы билдиргендей, чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабаганы үчүн Патрис Лумумба көчөсүнүн, Улан кичи районунун тургундарына, "Эра Констракшн "жана "Бакар Плюс" компаниясынын өкүлдөрүнө 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул салынды.

Ошондой эле "Мирбек Строй" компаниясы, "Елена" ательесинин ижарачысы жана шаар тургуну К.Мусапыров тиричилик таштандыларын башаламан таштагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат. Алардын баарына 5 миң 500 сомдон 17 миң сомго чейин айып салынат.

"Чуйков көчөсү №138 дарегиндеги чиркөө курулуш таштандыларын таштагандыгы үчүн 23 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Алар күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий