31-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-майга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын облусунда +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.

Сүрөт Исхак Туратбековдуку

Пикир

Оставить комментарий