Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта, күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +16...+21 градус, Таласта +14…+19, Ысык-Көл, Нарында +8...+13 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы +16...+21 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте күн ачык болот, күндүз +18...+20 градус жылыйт.
Пикир
Оставить комментарий