Эксперт: Кумаркана ачуу экономика үчүн пайдалуу болот

Коом 0

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда Ысык-Көлдө кумаркана үчүн оюн зонасын ачуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты. Ысык-Көлдөгү Тамчы айылында мейманкана, тойкана, кумарканасы менен оюн-зоок зонасын ачуу болжолдонууда, анда чет өлкөлүк жарандар гана ойной алышат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна оюн-зоок зонасын ачуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга байланыштуу билдирүү жасады. “Кумаркана Кыргызстандын жарандары үчүн эмес, чет өлкөлүктөр жана туристтер үчүн ачылат. Мыйзам кыргызстандыктарга кумарканага кирүүгө жана кумар оюндарын ойноого тыюу салат. Депутаттар туура колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай практика бардык өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө да жайылтылган”,-деп айтылат мамлекет башчынын билдирүүсүндө.

Эксперт Кубан Айдаралиевдин айтымында, жалпысынан кумаркана ачуу экономикага оң таасир тийгизет. Ал буга чейин Кыргызстанда кумарканалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилип, ал ошол жылдары бюджетке жарым миллиард сомдон ашык каражат түшкөнүн, бирок өлкөнүн жашоочуларынын ири жоготууларга байланыштуу арызданууларынан кийин Кыргызстанда кумарканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын эске салды.

“Кийин кумарканалардын ишмердүүлүгүн жандандыруу аракети болгон, бирок андан антыйжа чыккан жок. Бизде тыюу салынгандан бери эмнелер өзгөргөнүнө көңүл буруу зарыл. Чындыгында кумарканаларды жапкандан кийин деле алардын ишмердүүлүгү токтоп калган жок. Муну интернеттен тапса болот, мисалы 2019-2020-жылдары тыюу салынганына карабай мейманканаларда кумарканалар аныкталган. Бул жерде башкысы тыюу салуу эмес, чектөө киргизүү натыйжалуурак болмок”,-деди Айдаралиев.

Эксперт дүйнө жүзүндө, айрыкча курорттук аймактарда чет элдиктердин келүүсү үчүн уруксат берилген жана бай туристтерди тартуунун фактору болуп саналарын, экинчи жагынан жергиликтүү жашоочулардын кумарканаларга кирүүсүн чектөөнун бир нече жолу бар экенин белгилейт.

“Айрым өлкөлөр өзүнүн жарандары үчүн ар бир кирүүсүнө кошумча төлөм киргизип коюшкан, ал эми айрымдары өзүнүн жарандары үчүн кирүүгө тыюу салгандар дагы бар. Ошондой эле анын куралы бар, ага ылайык жергиликтүү тургундар КРнын жараны кумарканада мүлкүн уттуруп жиберди деп арызданса, анда кумаркана толугу менен жоготууну кайтарып берет жана айып төлөөгө менен жазаланат. Башкача айтканда, кумаркана жоопкерчилик алат. Кумар оюндарына берилген адамдар бардык жерде бар жана алар кайсыл жерде болбосун оюноонун жолун табат. Ушул көз караштан алганда мен Ысык-Көлгө чет элдиктер үчүн кумаркана ачууда эч кандай коркунучтуу нерсени көргөн жокмун. Жөнөкөй эле кумарканалардын ишин жөнгө салуучу, атап айтканда ал бюджеттин киреше бөлугүндө гана эмес, ошондой эле жергиликтүү калкты жана социалдык программаларды колдоо жаатында, анын ичинде Кыргызстандын жарандары катышкан учурда жоопкерчиликти кумаркананын өзүнө жүктөө боюнча жакшы жазылган механизм болушу керек”,-деп эсептейт ал.

Айдаралиев жергиликтүү жашоочулардын кумар оюндарына катышуудан четтетүү үчүн кумарканалардын жоопкерчилиги тартиптик гана эмес, айып төлөө жоопкерчилиги да болушу керектигин белгиледи. “Эгер КР жараны кумарканаларда ири суммадагы акча уттурган болсо, анда кумаркана бардык жоготууну, андан тышкары мамлекетке айып пул төлөшү керек. Экономикалык жактан алганда бул жетишерлик алгылыктуу киреше. Бардыгы оюн мекемелери кандай уюштуруларынан көз каранды. Эгер ачылып калса, 2-3 жылдын аралыгында жылына 1 млрд сомдон ашык киреше түшүшү мүмкүн”,-деди Айдаралиев.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий