Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. 31-октябрда Бишкектин Ак-Босого конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, "Ак-Босого-1, "Ак-Босого-2" суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 31-октябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин Ак Босого конушунда суу болбойт.
“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Пикир
Оставить комментарий