• 87
  • 90.41
  • 0.84

32 жылдык өмүрүн театрга арнаган Шайыргүл Касмалиева сахна менен коштошту

Маданият 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган кайталангыс талант Шайыргүл Касмалиева сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган театрдан маалымдашты.

Шайыргүл Зарлыковна 1985-1989-жылдары Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. 1990-жылы Улуттук театрдын босогосун аттап кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертуарындагы спектаклдердин көркүн ачып келген.

"17-октябрда өткөн коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, актрисанын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар актрисанын мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты", - деп айтылат театрдын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий