Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Мындан туура сегиз жыл мурун, 2017-жылдын 16-январында таң эрте Гонконгдон Стамбулга учуп келе жаткан ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын Boeing 747-400F жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна жакын жерде Дача СУ айыл аймагына кулаган.
Авиакырсыктын кесепетинен жалпы 39 адам каза тапкан. Алар - 4 экипаж мүчөсү, Түркиянын жарандары жана 35и Кыргызстандын жарандары болгон. 30дан ашык турак жай жана имараттар талкаланган.
Гонконгдон учуп келе жаткан учак май куюу үчүн Бишкекке конууну пландаган. 80 тоннага жакын жүктү ташыган учак таттуу уйкуда жаткан айылдын үстүнө кулап түшкөн.
Кийинчерээк кырсыктын себеби аныкталып, экипаждын катасынан улам болгону айтылган.
Эл аралык авиация комитетинин (ЭАК) корутундусуна ылайык, учактын экипажы биринчи аракетинде коно албай, экинчи ирет айланып келүүнү чечкен. Эксперттердин айтымында, бул өлүмгө алып келген ката, анткени учак мындай маневр жасоого уруксат берилген деңгээлден төмөн болгон.
«Айланып келүү режимин иштетүү кыймылдаткычтын иштөө темпинин кескин жогорулашына жана вертикалдуу багытта жүктүн басымын жогорулатуу менен учактын ылдый түшүүсүнө тоскоолдук жараткан. Айдоо баскычын баскандан 3,5 секунддан кийин учак жерге кулаган", — деп айтылат МАКтын билдирүүсүндө.
Авиакырсыктын кесепетинен каза болгон маркумдун жакындары авиакомпаниядан компенсация алышкан. Мындан тышкары, үйү жок калган жарандарга жер тилкесин же батирди тандоо укугу берилген. Ошондой эле кыргызстандыктар акча каражатын чогултуп, бардык жабырлануучуларга бөлүштүрүлгөн. Белгилүү болгондой Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 150 млн сомго жакын акча чогулган.
Бүгүнкү күндө ошол кандуу окуяда курман болгондордун элесине орнотулган мемориал айылдагы трагедияны эстетип турат.
Пикир
Оставить комментарий