• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

4 айда ЖКККББнын ишеним номерине 18,4 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним номерине 4 ай аралыгында 18 миң 409 кайрылуу келип түшкөн.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен:

  • 10 100 (52,6 пайыз) кайрылуу унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлар;
  • 2 208 (11,9 пайыз) кайрылуу каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү озуп өтүү, же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлар;
  • 2 788 (15,1 пайыз) кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралуу;
  • 1 318 (7,1пайыз) кайрылуу жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар тууралуу.

"Жарандар жөнөткөн сүрөт-видеолор боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ЖКККББ ушул жылдын 21-майынан тартып жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 ватсап номурун ишке киргизип, кайрылууларга ыкчам жооп берип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий