6-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Ысык-Көл облусунда +19…+24, Нарын облусунда +18...+23, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34 градус ысык болот.

Бишкек шаарында абанын табы +30...+32 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий