• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ленин райондук милициясында мамлекеттик тил күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин РИИБде мамлекеттик эне тил майрамына арналган атайын иш-чаралар уюштурулуп, анда ИИБнын начальниги, милициянын полковниги Бакытбек Нарчаев бардык кесиптешттерди жана мекендештерди бүгүнкү улуу майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чара ички иштер башкармалыктын айрым кызматкерлеринин Мамлекеттик тилге арналган атайын ыр саптарын көркөм айтуу менен аяктады.

Мындан 32-жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили мамлекеттик деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө эне тил майрамы болуп белгиленип келет.

Бул майрам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда Кыргыз тили - Мамлекеттик тил, ал эми орус тили - расмий тил деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий