• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы кайгуул кызматынын кызматкерлеринин маянасы 21 миң сомдон жогору болот

Коом 0

Бишкек, 16.11.18. / Кабар/. Жаңы кайгуул кызматынын кызматкерлеринин маянасы 21 миң сомдон жогору болот. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү Егор Скобеев “Автоинспекциянын кезектеги реформасы – КРнын жолдорундагы коопсуздук тууралуу” аттуу тегерек үстөл учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы кайгуул милициясын түзүүдө өкмөттүн акчасы болгон эмес. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон жолугушууда 2019-жылы жабдууга жана айлыкты көтөрүүгө каражат бөлүнөрү тастыкталган.

“Жаңы башкармалыкта минималдуу маяна 21-24 миң сом болуп, унаанын майларына өзүнчө каражат берилет. Реформанын алкагында 2020-жылы бардык милиция кызматкерлери үчүн маяна дагы 30%га көтөрүлүп, айлык акы 30 миң сомдун тегерегинде болот. Кайгуул милициясы сынак тартибинде 2020-жылдын соңуна чейин иштейт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий