• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

60 жылдан кийин жаңыланган Ысык-Көлдөгү аскер бөлүктүн мурдагы жана азыркы абалы

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы №2028 аскер бөлүгү жаңыланды.

60 жылдан ашык убакыт мурда түптөлгөн аскер бөлүк бүгүнкү күнгө чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Эскилиги жеткен имараттар четинен урап, кейиштүү абалга келген. Быйыл жай айларынан тартып президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен объект капиталдык оңдоодон өтүп, реконструкцияланды. Мында штаб, окуу борбору, окуу корпусу, казарма, көзөмөл өткөрүү жайы, унаа паркы жана башка бардык имараттар ремонттолду.

Аскер бөлүк заманбап техникалар менен жабдылып, чек арачылардын социалдык абалы жана турак жайы жакшыртылды. Жалпы жонунан жаңылоо иштерине 1 млрд 240 млн сомдон ашык акча каражаты сарпталды.

Аскердик бөлүктүн базасында УКМКнын Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борбору ачылды. Ошондой эле "Бедел", "Каркыра-автожол" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана "Каракол" эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин жеке курамы кеңейтилди.

Мамлекет тарабынан жасалып жаткан бул иштер аскерлерди зарыл шарттар менен камсыздоого багытталган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Байсары уулу Кыдыр аке атындагы №2028 аскер бөлүгүнө барып жаңыланган имарат менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий